click below
click below
Normal Size Small Size show me how
Илимий стиль
терминдер
| Term | Definition |
|---|---|
| Илимий тезис | кандайдыр бир идеяны, лекциянын, докладдын, чыгарманын негизги бир маанисин кыскача туюнткан жобо. |
| Окуу китеби | илимдин кайсы бир тармагы боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин, кесиптик окуу жайлардын окуучуларына, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине арналып жазылат. |
| Окуу куралдары | окуу китептерин мазмундук жактан толуктайт. |
| Монография | бир темага же маселеге арналган илимий изилдөө. Анын тили өтө «кургак», ойду баяндоодо бекем ырааттуулукту сактайт, композициялык түзүлүшү туруктуу. |
| Диссертациялык иш | титулдук барактан (сарбарактан), жумуштун мазмунунан, киришүүдөн, главалардан, жыйынтыктан, библиографиялык тизмеден, тиркемеден жана жардамчы көрсөткүчтөрдөн турат. |
| Курстук иш | тилдик жана композициялык түзүлүшү боюнча диссертацияга окшош болот. |
| Маалыматтык билдирүү | илимий жыйындардын - семинарлардын, конференциялардын, симпозиумдардын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө арналат жана эркин формада даярдалат. |
| Илимий отчёт | белгиленген иштин аткарылышына илимий негизде эсеп-кысап берилет. |
| Автореферат | диссертациянын кичирейтилген көлөмдөгү өзгөчө түрү болуп саналат. |
| Аннотация | Көркөм адабий, публицистикалык чыгармаларга, ыр жыйнактарына, ар кандай илимий эмгектерге карата кыска түшүнүк берүү . |
| Сын пикир | көркөм, илимий жана публицистикалык чыгармалардын мазмунуна, актуалдуулугуна ж.б. өзгөчөлүктөрүнө карата экинчи тараптын билдирген ой-пикири. |